Жаңылыктар
15.06.2026 16:25
Кароолор: 303
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨРТКӨ КАРШЫ КЫЗМАТЫНА 100 ЖЫЛ
1926-жылдын 15-июнунда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы кесипкөй өрт өчүрүүчү команда түзүлгөн. Дал ушул күндөн тартып адамдардын өмүрүн жана коопсуздугун коргогон кызматтын тарыхы башталган.
Бир кылымдык жолдо өрт өчүрүү кызматы кол насостордон жана атчан арабалардан тартып, заманбап техникага, авиацияга жана жогорку кесипкөй куткаруучуларга чейинки чоң өнүгүү жолун басып өттү.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчүлөрү күн сайын адамдардын өмүрүн сактоо үчүн өз милдетин аткарып, кайраттуулук жана жоопкерчилик менен кызмат өтөшүүдө.
100 жыл - эрдиктин, кайраттуулуктун жана адамдарга берилген кызматтын тарыхы.
Өрткө каршы кызматтын 100 жылдык мааракеси менен!