Жаңылыктар
23.04.2026 17:44
Кароолор: 42
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨК МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ АКЫЛБЕК МАЗАРИПОВ АСТАНДА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШУУДА
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов Астана шаарында өтүп жаткан 2026-жылдагы Регионалдык экологиялык саммитке катышууда.
Бул иш-чаранын күн тартибине туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, ошондой эле экология жана кырсык коркунучун азайтуу жаатында регионалдык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү сыяктуу негизги маселелер киргизилген.
Саммиттин алкагында Акылбек Мазарипов климаттын өзгөрүшү боюнча “8-Борбор Азия конференциясынын – 2026-жыл” жыйынына катышып, бир катар профилдик сессияларга катышты. Анда климаттык саясат, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу жана анын кесепеттерин жумшартуу, ошондой эле климаттык каржылоону тартуу жаатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аракеттерин координациялоо жана диалог жүргүзүү үчүн негизги регионалдык платформа болуп саналат.
Быйылкы жылы улуттук климаттык милдеттенмелердин жаңылануусунан алардын иш жүзүндө ашырылышына өтүүгө, регионалдык кызматташтыкты кеңейтүүгө, климаттык долбоорлорго инвестицияларды стимулдаштырууга өзгөчө басым жасалды.
Мындан тышкары конференциянын алкагында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптардын конференциясынын жыйынтыктары, аймак үчүн мааниси, анын ичинде климаттык каржылоого жетүү, аялуу өлкөлөрдү колдоо механизмдерин өнүктүрүү жана климаттык тобокелдиктерди башкаруунун инновациялык ыкмаларын киргизүү маселелери талкууланат.
Саммиттин алкагында 22-апрелде Акылбек Мазариповдун Финляндиянын метеорологиялык институтунун директору Харри Пиетарила мырза менен эки тараптуу жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле гидрометеорология жаатында мындан аркы кызматташуунун, эрте эскертүү системаларын модернизациялоонун, климаттык жана табигый процесстерге мониторинг жүргүзүүнүн алдыңкы технологияларын киргизүүнүн келечеги каралды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР