Жаңылыктар
31.10.2025 15:43
Кароолор: 17
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН АРАСЫНДА ӨТКӨН СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ ӨКМ 3-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ
Бүгүн, 31-октябрь күнү борбор калаада генерал-майор Анарбек Шамкеевдин жаркын элесине арналган укук оргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш болуп өттү.
Күч түзүмдөрүнүн арасында өткөн иш-чарада спорттун кичи футболунда жалпы 11 команда күч сынашты. Мелдештин соңунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курама командасы 3-орунду багындырды. Өз ара ынтымакты бекемдеген мындай спорттук иш-чарада ӨКМдин курама командасы өзүнүн мыкты чеберчиликтерин көрсөтүп, буга чейин да байгелүү орундарды алып келишкен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР