Жаңылыктар

22.10.2025 09:45

   Кароолор: 110

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА “ЖАРАТЫЛЫШ ЛАНДШАФТТАРЫН ТУРУКТУУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ” (KG RESILAND) ДОЛБООРУ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН МИССИЯСЫ ӨТҮП ЖАТАТ

Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашып жаткан “Жаратылыш ландшафттарын туруктуу калыбына келтирүү” (KG RESILAND) долбоорунун ишке ашырылышы боюнча миссия уланууда.

 

Миссиянын экинчи күнү Джалал-Абад облусундагы долбоордук аймактарга жеринде чыгуу уюштурулуп, калкты табигый кырсыктардан коргоо максатында жүргүзүлө турган жээк бекемдөө жана селге каршы иштер талкууланды.

 

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, долбоордун командасы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери жана долбоорлоо уюмунун өкүлдөрү Базар-Коргон районундагы Көкчө-Көз, ошондой эле сел коркунучу жогору болгон Сузак районундагы аймактарды көрүп чыгышты.

 

Сапардын жүрүшүндө техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) жана долбоордук-сметалык документация (ДСД) даярдоого байланыштуу техникалык маселелер талкууланып, адистер дамбалардын учурдагы абалын жана алдыңкы инженердик иштердин планын карап чыгышты.

 

Жалпысынан долбоордун алкагында сел жана суу ташкындарынын таасирине дуушар болгон 21 участокту реконструкциялоо пландалууда. Бул иш-чаралардын жыйынтыгында 4000ден ашуун үй-бүлө жана 5500 гектар айыл чарба жери сел жана суу ташкын коркунучтарынан корголмокчу.

 

“Кыргыз Республикасында жаратылыш ландшафттарын туруктуу калыбына келтирүү” (KG RESILAND) долбоору Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Долбоор табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга, экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган.

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу