Жаңылыктар
06.10.2023 11:12
Кароолор: 770
Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата IV конференциясы өтүүдө
Бүгүн Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келген "5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата lV илимий-практикалык конференциясы өтүүдө.
Конференцияга КР Прездентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, КР Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, Щвейцариянын Кыргыз Республикасындагы атайы жана ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аймактык директорунун орунбасары Хильки Дэвид айым жана башкалар катышууда.
Маалым болгондой, аталган иш-чарада ӨКМ 5-сентябрдан 5-октябрга чейин жарыялаган бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылат. Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө министрликтин табигый жана техногендик кырсыктардан калкты жана аймактарды коргоодо, ар бир мезгилде айттырбай келген табигый кырсыктар сел, суу ташкындары, кар, жер көчклөрүнүн алдын алуу жаатында республика аймагында жүрүп жаткан иштер, кырсыктардан сактанууда калктын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыгарылууда.
Буга катар бул тармактагы эл аралык уюмдар менен биргеликте кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган актуалдуу маселелер талкууланууда.
Ошондой эле аталган конференцияда бир катар илимпоздор климаттын өзгөрүшүнө байланышкан табигый кырсыктарга алып келүүчү божомолдорду айтышып, адамзаттын келечектеги жашоосуна, ден соолугуна терс таасир алып келүү коркунучу, мамлекеттин экономикалык-социалдык өнүгүшүнө өз таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу докладдар окулууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.