Жаңылыктар
02.10.2024 18:42
Кароолор: 314
КЫРГЫЗ — ОРУС СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы пландын негизинде кезектеги өрт-тактикалык машыгуусун Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз — Россия Славян университетинде
өткөрдү.
Машыгуу “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында болду.
Анда өрт кырсыгынын алдын алуу үчүн кандай коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл экени, кырсык учурунда кызматкерлер менен студенттерди эвакуациялоо, түтүндөн өзүн коргой билүү, алгачкы өрт өчүрүү шаймандарын колдонуу эрежелери практикалык негизде көрсөтүштү.
Сценарийге ылайык, алгач мекемеде өрт чыгып, андагы кызматкерлер, студенттер эвакуацияланды. Жеринде 2-3-кабатта өрттөн чыга албай калган эки адам батуттун жардамы менен куткарылып, 1 адам куткаруу шайманы аркылуу жерге түшүрүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлдү. Ал эми 3-кабаттагы чыга албай калып калган жаранды куткаруучулар автошаты менен алып түшүштү.
Машыгууга жалпы башкармалыктан үгүт-насаат иштерин жүргүзүүчү 1 ЮТОНГ, штабдык, автошаты унаалары жана Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынан күжүрмөн эсептеги 3, өрт-куткаруу кызматынан 2 унаа жана 55 куткаруучу тартылды.
Машыгуунун соңунда университетте өрт коопсуздугу боюнча кенен маалымат берилди.
Өрт тактикалык сабактын жүрүшүн КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулу жетектеп, көзөмөлгө алды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР