Жаңылыктар

11.09.2026 17:24

   Кароолор: 2

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНҮН 35 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЗАМАНБАП ЖАБДЫЛГАН ӨРТКӨ КАРШЫ КУТКАРУУ БӨЛҮКТӨРҮ САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө карата бүгүн, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө аймагындагы бир катар социалдык объекттерди пайдаланууга берүү аземи өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикадагы заманбап жабдылган өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү да салтанаттуу түрдө ачылды.

Кыргызстанда өрт өчүрүү жана куткаруу кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматтын потенциалын жогорулатуу багытындагы иштер акыркы жылдары активдүү жүргүзүлүүдө. Учурда өлкө боюнча 17 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Алардын ичинен 3 объект, тагыраагы, Ысык-Көл облусунун Тоң, Ак-Суу райондорундагы 2 жана Ош облусунун Араван районундагы 1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.

Жаңы имараттарда өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу унаалары үчүн токтотуучу бокс, кызматтык жана диспетчердик бөлмөлөр, окуу классы, жуунуучу жай, эс алуу жана тамактануу бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле имараттын аймагында окуу мунарасы жана машыгуу үчүн спорттук тренажёрлор менен жабдылган аянтча жайгашкан.

Заманбап имараттардын пайдаланууга берилиши куткаруучулардын иштөө шарттарын жакшыртып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу