Жаңылыктар
16.02.2026 13:58
Кароолор: 4
КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕКТЕШКЕН АЙМАКТА 4,5 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, бүгүн саат 13:14тө Кыргыз республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 3 баллга чейин сезилген. Учурда Сейсмология институту тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР