Жаңылыктар
26.05.2025 09:45
Кароолор: 533
КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫ РОССИЯДА ЭЛ АРАЛЫК МАСШТАБДУУ МАШЫГУУГА КАТЫШЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары Россия Федерациясынын Москва облусунун Ногинск шаарында өткөн машстабдуу эл аралык машыгууга катышышты.
Россия, Беларусия жана Азербайжан мамлекеттеринен келген кесиптештери менен бирге ири өзгөчө кырдаалдар шартында өз аракеттерин көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 19-майынан 23-майына чейин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жуков атындагы куткаруучулар борборунда Ногинск ордени базасында Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигинин күч түзүмдөрүнүн табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тажрыйбалары боюнча биргелешкен машыгуулары болуп өттү.
Жогоруда аталган өлкөлөрдөн жүздөн ашык куткаруучу ири кырсыктар катталган убакта биргелешип иш алып барууга даярдыкты күчөтүү максатында чогулушкан. Анда ар тармактуу кесип ээлери: куткаруучу, кинолог, химик, суучул, биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү дарыгерлер өздөрүнүн адистигине жараша тажрыйбаларын бөлүшүп, жаңы ыкмаларды өздөштүрүштү.
Алар эки күн ичинде жер титирөөнүн оор кесепеттерин жоюу чараларын алып барышты. Машыгуунун сценарийи боюнча Алтай аймагында 7 баллдык жер титирөө катталып, очогу 100 миңге жакын адам жашаган калктуу шаарга туш болгон.
Натыйжада инфраструктуралар катуу жабыркап, көптөгөн кеңсе имараттары, турак үйлөр, коомдук жайлар, ишканалар кыйраган. Имараттардын кооптуу кырдаалдарга туш келгендигине байланыштуу көчөлөрдү жабууга туура келген.
Ал эми куткаруучу адистер заманбап техникаларды жана жабдууларды колдонуу менен өз ара кызматташтыкта иш алып барууга даярдыктарын көрсөтүштү.
Мындай эл аралык машыгуулар ар кайсы мамлекеттен келген куткаруучулардын башын бириктирүү менен тажрыйба алмашуу, жаңыча ыкма менен иштөө, андан ары да тереңдетүү, өз ара аракеттенүүдөгү билим деңгээлди күчөтүү жана уюштуруу, ошону менен катар чыныгы кырсыктардын коркунучу жаралганда ыкчам таасир этүү чараларын жолго коюуга өбөлгө түзмөкчү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР