Жаңылыктар

01.02.2025 17:03

   Кароолор: 285

КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ДАЛИЛДЕШТИ

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу тобун ИНСАРАГ эл аралык консультативдик уюмуна каттоо иш аракеттеринин алкагында 31-январь күнү швейцариялык эксперттер ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда болуп, андагы шарттар, куткаруучулардын кризистик кырдаалдарга даярдыгы, техникалык жетишкендиктери жана башка жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Борбордун жетекчиси, подполковник Ырыспек Жолдошбаев адегенде өздүк курамды, алардын негизги милдеттери, кырсык катталган шартта көчмө пункттарда (базалык лагерь) иштөө процесстери менен кенен тааныштырды. Базалык лагерь – биринчи медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү пункту, ашкана, тамактануучу жай, эс алуучу, уктоочу жана жуунучу пункттардан турат. Алардын бары керектүү дары-дармек, атайын формалар, тамак-аш жана башка тийиштүү жабдуулар менен камсыздалып, ар кандай катаал шарттарда иштөөгө даяр.

Бийик тоолордо, көчкү алдында же жер титирөөнүн урандысында калган адамдарды издеп куткаруу үчүн керектелчү аппараттар, камера, интернет жана байланышты камсыз кылуучу шаймандар, дрон, бийиктен жарык берүүчү жабдуу сыяктуу техникалык мүмкүнчүлүктөрүн практика жүзүндө көргөзүп беришти. Куткаруучулар кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү менен гана чектелбей, англис тилин да үйрөнүп жатышканы чет элдик эксперттерди суктандырды.

Мындан тышкары адистештирилген унаалар: өрт өчүрүүчү, авариялык куткаруу унаасы, автоцистерна, медициналык тез жардам жана башка техникалар менен толук камсыздалганы белгилүү болду.

Мунун баары тактикалык машыгуу талаасында тажрыйба жүзүндө көрсөтүлүп, ар бир куткаруучу өз функцияларын чеберчилик менен аткарып, ыкчым жана күжүрмөн даярдыкта экендиктерин далилдей алышты.

Жыйынтыгында швейцариялык эксперттер кыргыз куткаруучуларынын кризистик кырдаалдарга жараша комплекстүү чара көрүү дараметин жактырып, оң баасын беришти. Ошондой эле коопсуздук боюнча айрым маселелерди эл аралык талаптарга ылайык келтирүү боюнча кеп-кеңештерин беришти.

ИНСАРАГ уюмуна кирүү менен кыргыз куткаруучулары өнүккөн мамлекеттердей эле эл аралык деңгээлге чыгып, рейтингин жогорулатуу менен башка мамлекеттеги өзгөчө кырдаалдарды жоюу операцияларына катыша алышмакчы.

КР ӨК ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу