Жаңылыктар
31.03.2024 16:46
Кароолор: 786
КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫ БООРДОШ ЭЛГЕ ЖАРДАМГА БЕРҮҮГӨ ДАЯРДЫГЫН БИЛДИРИШТИ
Жакынкы күндөрү коңшу Казакстан өлкөсү табияттын кырдаалына кабылып, эли кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан учур.
Мындан улам Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги оор күндөрдө кыйналып турган боордош казак элине жардамга кол сунууга, суу каптоонун кесепеттерин жоюуга даяр экендигин сунушташты.
Ал эми Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кесепеттерди жоюуга өз күчтөрү менен жетишерин билдиришти. “Учурда аймактарда акырындык менен абал турукташууда. Эгерде абал оорлошо турган болсо, жардам суроого кайрылабыз”, - деп кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык айтышты.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-мартта Казакстан ӨКМне караштуу ККББсынын расмий маалыматында өлкө аймагында күн жылып, жамгыр жаап, кар эрип, дарыялардагы суу көтөрүлүп, айыл-кыштактарын суу каптаган. Кеминде 7 облусу табияттын кырдаалына кабылган.
Анын кесепетинен 1277 үйдү, дачадагы 99 үй, 10 имарат, унаа жолдорун, көпүрөлөрдү суу каптаган. 30 унаа жолу үзлүп, элдин каттамы токтосо, 285 баш ар кандай мал-жандыгы өлгөн.
Учуруда Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 11306 адам эвакуацияланып, анын ичинен 5456 адам убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылган. Өзгөчө кырдаалга кабылган аймактардан жарандарды эвакуациялоо, кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР