Жаңылыктар

30.07.2025 13:05

   Кароолор: 242

КЫРГЫЗ КУТАРУУЧУЛАРЫ ЧЕК АРАЛАР АРАЛЫК ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ КӨМӨК КӨРСӨТҮҮДӨ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Талас облусунда өрт катталган аймакта министрдин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов иш алып барууда.

Бүгүн Манас районунун Жарандык коргонуу кызматтарына таң эрте “айгай” жарыяланып, 130 адам адам катышкан кошумча штабдык машыгуу өткөрүлдү. Иш-чарада Жарандык коргонуу кызматтары ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда эвакуциялоо, алгачкы жардам көрсөтүү, кырсыктардын алдын алуу иштерине күч-каражаттары даярдыкка келтирилди.

Урматбек Шамыркановдун айтымында, Казакстан Республикасынын Жамбул облусунун Өзгө кырдаалдар департаментинин өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлдү. Кыргызстандын территориясына өрттүн өтүү коркунучун азайтуу максатында, коңшу өлкөдөгү өрттүн очогун өчүрүүгө кошумча көмөк көрсөтүү каралды. Ал эми Кара-Арча жайлоосунда 5 топко бөлүп, өрт өчүрүү тапшырмасы коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу