Жаңылыктар
09.02.2025 10:58
Кароолор: 214
КЫРГЫЗ-КАЗАК ӨКМ АДИСТЕРИ КЫЗМАТТАШТЫК МАМИЛЕЛЕРИН ЧЫҢДООДО
Кыргызстандын ӨКМ кызматкерлери министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин буйругу менен Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Тараз шаарында өткөн “Көктем-2025” (Жаз) Республикалык командалык-машыгуусуна катышып келди.
ӨКМдин Чүй облусу жана Талас облусу боюнча башкармалыктарынан барган өкүлдөр Жамбыл облусу менен Чүй жана Талас облустарынын чектешкен аймактарында өзгөчө кырдаалдар катталган учурда биргелешип чара көрүү пландарынын негизинде эки өлкө ортосунда кызматташтык алаканы өнүктүрүү, жардамдык катнашта болуп туруу боюнча өз ара пикир алмашышты.
“Көктем-2025” машыгуу иш-чарасы Талас облусунан Казакстанга кирген “Киров”, “Чу” сууларынын, ошондой эле коңшу өлкөдөн Кыргызстанга кирген “Аспара” сууларынын чек аралаш аймактарды каптап кетүү коркунучтарын жоюу максатында уюштурулган. Машыгууда эки өлкөнүн ӨКМ кызматкерлери мындан аркы табигый жана техногендик кырсыктарга каршы күрөшүү, алдын алуу жана комплекстүү чара көрүү пландарын талкуулап, тажрыйба алмашышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР