Жаңылыктар

16.12.2023 10:29

   Кароолор: 1531

КЫРГЫЗ-КАЗАК ДОСТУГУ КЫЛЫМДАРГА! КЫЙЫН КҮНДӨ КОЛ СУНГАН КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫНА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

16-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун администрациясынын жетекчилиги, облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы табигый кырдаал жаралганда айкөлдүк менен куткаруу иштерин аткарып, боордош эки элдин достук мамилесин чыңдагандыгы үчүн кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык билдирип, сыйлык тапшырышты.

Учурда казак элинин сыйлыгына татыган 39 кыргыз куткаруучусу өз мекенине йгилик менен кайтышууда. Алардын жардамы менен кар күрткүдө калган 16 жаран Кыргызстанга жеткирилген.

Мындан сырткары Кордай ашуусунда карга тыгылган 2 оор жүк ташуучу жана 3 жеңил унааны сүйрөп чыгарышкан.

Белгилей кетсек, 14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районунда жааган кардын кесепетинен Алматы – Ташкент жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылып, өзгөчө кырдаал жарыяланган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу