Жаңылыктар

30.07.2025 17:10

   Кароолор: 410

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДА ЫКЧАМ ЧАРАЛАР КӨРҮЛДҮ

Кечээ, 29-июлда Талас облусунда катталган өрткө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыкчам чараларды көрүүдө.

Учурда Кыргызстандын аймагында өрттүн очогу жок. Бирок Казакстандын аймагында 2 жерде өрттүн очогу бар жана тилсиз жоонун КРнын аймагындагы Кара-Арча жайлоосуна өтүп кетүү коркунучу жаралууда. Мындан улам Казакстандын ӨКМнин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, өрттү чогуу өчүрүү чечими кабыл алынган.

Өрттүү өчүрүүгө ӨКМдин борбордук аппаратынан 6 кызматкер, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, РМАнын башчысы-аким жана жергиликтүү бийлик органдарынан жалпы 15 адам, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан 72 куткаруучу, 2 өрт өчүрүүчү унаа, Токой кызматынан 12 кызматкер, жарандык коргонуу кызматтары жана мекеме ишканалардан 20 адам, УКМКнын Чек ара кызматынан 6 кызматкер, жалпы 133 адам, 2 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов жетектеген ыкчам топ өрт болгон аймакка жетип, штаб уюштурулган.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу