Жаңылыктар

07.04.2024 04:50

   Кароолор: 659

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН “ЖАРДАМ КЕРБЕНИ” ТҮРКЕСТАН ШААРЫНАН ЧЫКТЫ

7-апрелде таң эрте “Жардам кербени” Түркестан шанарынан Кызылорда облусуна жол улады.

Коңшу өлкө аймагында кербендин жол коопсуздугун Казакстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар департаментинин кызматкерлери суу каптаган облустарга коштоп бармакчы.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысы Садыр Жапаров суу каптоодон жабыркаган казак элине жардам көрсөтүүнү демилгелеген.

Аны жеткирүү вазыйпасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлүп, 15 оор жүк ташуучу унаадан турган кербен ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетектөөсү менен 6-апрелде Кыргызстандан узаган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу