Жаңылыктар

25.04.2024 13:37

   Кароолор: 649

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН АМАНАТЫН ОРЕНБУРГ ЖЕРГЕСИНЕ ЖЕТКИРГЕН КУТКАРУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Россия Федерациясынын Оренбург облусунун вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстандын атынан гуманитардык жардам жеткирип барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылык кат тапшырды.

Сергей Балыкин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин тарыхына токтолуп, айрыкча кыргыз эли меймандос кыйынчылыкта жардамга кол сунууга дайым даяр турган чыныгы биртууган, бекем кызматташтыктын үлгүсүн көрсөткөн эл катары баса белгиледи.

Мындан сырткары "Жардам кербенинин" экинчи бөлүгү барган облустун Орск шаарынын башчысынын атынан ыраазычылык кат ӨКМдин кызматкерлерине жана жүк ташуучу унаанын айдоочуларына тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Оренбург облусунун элине 350 тонна гуманитардык жардам көрсөттү. 20 унаадан турган "Жардам кербенин" өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу