Жаңылыктар
06.04.2024 09:54
Кароолор: 620
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН "ЖАРДАМ КЕРБЕНИ" КАЗАКСТАНДЫН ЖАМБЫЛ ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА
6-апрелде таң эрте Казакстандын чек арасына кирген кербен Жамбыл облусунда жол улады.
Суу каптоодон жабыркаган казак боордошторго Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жардам көрсөтүүнү демилгелеген.
Аны жеткирүү вазыйпасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлүп, 15 оор жүк ташуучу унааны ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов баштаган куткаруучулар коштоп бара жатат.
Жабыркаган казак элине күрүч, кумшекер, тез даярдалуучу кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, матрац жана чатырлар жеткирилмекчи.
Учурда Казакстандын ИИМ кызматкерлери Кыргыз кербенин коштоодо.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР