Жаңылыктар

20.04.2024 21:17

   Кароолор: 421

КЫРГЫЗ ЭЛИНЕН ОРУСИЯ ЭЛИНЕ ЖАРДАМ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Россиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна багыт алган "Жардам кербени" учурда коңшу Казакстандын аймагында жол жүрүп бара жатат.

350 тонна гумжардамдын курамы жергиликтүү элге эң зарыл болгон түрдүү тамак-аш, кийим-кече жана турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомунан турат.

Баса белгилей кетсек, суу сордуруучу мотопомпа, чатыр, керебет да бар.

Республикалык каражатка алынган гуманитардык жардамды жерине жеткирүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу