Жаңылыктар

03.09.2026 16:52

   Кароолор: 69

КЫРЧЫНДА ӨКМдин ТИК УЧАКТАРЫ НӨӨМӨТКӨ КОЮЛУП, КУТКАРУУЧУЛАР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШ АЛЫП БАРУУДА

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда зарыл учурда жарандарга ыкчам жардам көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учактары нөөмөткө коюлду. Airbus H-125 жана Аirbus H-145 үлгүсүндөгү эки тик учак менен бейтапты ыкчам ооруканага жеткирүүгө болот.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл районунда жер-жерлерде ошондой эле Кырчын жайлоосунда өрт өчүрүүчү, авариялык куткаруу унаалары нөөмөткө коюлуп, куткаруучулар күнү-түнү коопсуздукту сактап, түрдүү кырсыктардын алдын алуу жана ыкчам чара көрүү максатында иш алып барууда.

Ага катар Кырчын жайлоосунда ӨКМдин мобилдүү госпиталы жайылып, учурда жеринде дарыгерлер кайрылгандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу