Жаңылыктар
28.08.2026 12:26
Кароолор: 10
КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУНА ӨКМдин МОБИЛДҮҮ ГОСПИТАЛЫ ЖАЙЫЛДЫ
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда ыкчам, жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү госпиталы жайылды.
ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын 21 унаа жана 31 чатырдан турган мобилдүү госпиталында хирургиялык операция жасоочу жай, диагностикалык УЗИ, рентген, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана бар.
Көчмө госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алууга, 20га чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөлүү мүмкүнчүлүгү бар.
Учурда жеринде ӨКМдин Апааттык медицина кызматынан 20, Саламаттыкты сактоо министрлигинен 60 дарыгер иш алып барууда.
Ошондой эле мобилдүү госпиталды түзүүчү унаада сууну чыпкалоочу, абаны тазалоочу станция, жуунучу жай бар.
Мындан сырткары Кырчын жайлоосунда ӨКМдин эки тик учагы нөөмөткө коюлат.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин тапшырмасы менен дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуу иш чараны коопсуз өткөрүү үчүн куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшүп, жер-жерлерде өрт өчүрүүчү, авариялык-куткаруу унаалары, катерлер нөөмөткө коюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОРУ