Жаңылыктар
27.03.2024 16:19
Кароолор: 379
КУТКАРУУЧУНУН ТИЛЕГИ – КООПСУЗ ЖАШОО!
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери №100 кесиптик лицейинде өрт тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Машыгуунун алкагында окуучуларга жана мугалимдерге ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелери, өрт коопсуздугу, эвакуациялоо ыкмаларына кеңири токтолуп, практикада көрсөтүштү.
Жалпы 400 жаран катышкан машыгууда куткаруучулар алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонууну жана жер титирөө учурундагы иш-аракеттерин түшүндүрүп беришти.
Мындай өрт коопсуздугун алдын алууга багытталган иш-чараны Бишкек шаардык башкармалыгынын Октябрь районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери №73 орто билим берүү мектебине да уюштурушту.
Анда адистер окуучуларга экскурсия уюштуруп, түрдүү кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери менен таанышып, жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүү жолун үйрөтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР