Жаңылыктар
08.11.2025 14:20
Кароолор: 9
КУТКАРУУЧУНУН МОНОЛОГУ МЕНИН КЫРГЫЗСТАНЫМ – МЕНИН МАМЛЕКЕТИМ!
Мындан бир кылым мурун Кыргыз Мамлекетинин түптөлүүсүнө жол чапкан кыргыз каймактары – Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков сыяктуу бир катар ишмерлердин эмгеги унутулбайт.
Куткаруучулар алар түзгөн Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын бекемдеп, түндүгүн бийик көтөрүп, өнүгүүгө, анын ичинде коопсуздукту сактоого өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен ар тараптуу салым кошуп келет.
Мамлекеттүүлүктү туу тутуп, көчмөн турмуштун башка элдерден өзгөчөлөнгөн каада-салтын, нарк-насилин, маданиятын карманган кыргыз эли кылымдардан кылымга учук улап, бүгүн эгемен өлкө катары сакталып өнүгүү жолунда.
Куткаруучулуктун түмөн түйшүгү менен сыймыгын келечек муунга жеткирүү, тарыхты жаштарга сиңирүү , “Менин Кыргызстаным – менин мамлекетим!” деген сезимди калыптандырып, мекенчилдикке чакыруу ар бирибиздин милдетибиз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР