Жаңылыктар
23.01.2024 21:11
Кароолор: 426
КУТКАРУУЧУЛАРГА ИЗДЕЛҮҮЧҮНҮН ТУУГАНДАРЫ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРИШТИ
23-январда Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголуп жаткан 28 жаштагы жаран кечки саат 18:00гө чейин изделди. Кечки жыйында Маматаалы уулу Мухамедаалынын жакын туугандарынын куткаруучуларга карата билдирген ыраазычылыгы менен активдүү издөө иштери аяктады.
Бүгүнкү күнү 282 адам чыкса, анын 172си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. Анын ичинде 1 кинолог, 4 атчан бар. Алар 6 дрон, 18 техника менен капчыгайда издөө ишине чыгышты. Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрон, 4 техника менен чыгышты. Жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды.
Эске салсак, 14-январда Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып, акыркы жолу ошол түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасынын камерасынан тоо жакты көздөй бара жатканы аныкталган.
Аталган жаранды издөө Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР