Жаңылыктар

12.04.2025 11:36

   Кароолор: 221

КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУСУНДА КЕЗЕКТЕГИ ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын өздүк курамынын жигердүү катышуусунда бүгүн, 12-апрелде кезектеги ишембилик өттү.

Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тегерек-четти таза кармоону максат кылган куткаруучулар тиешелүү тилкелерге бөлүнүп, тазалап, тырмоо иштерин алып барышууда.

Ошондой эле ӨКМге караштуу аймактык башкармалыктар, аскердик бөлүктөр, өрт өчүрүүчү бөлүмдөр жана мекеме-уюмдардын да кызматкерлери ишембиликке чыгып, таштандылардан арылтуу жана башка тазалык иштерин алып барууну улантууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР


 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу