Жаңылыктар

10.01.2024 13:45

   Кароолор: 911

КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫН ЖОГОРУЛАТУУГА БАГЫТТАЛГАН КЫШКЫ ОКУУ МЕЗГИЛИ БАШТАЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча аймактык-түзүмдүк бөлүмдөрүндө аскердик кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын жана тиешелүү билимдерин жогорулатууга багытталган кышкы окуу мезгили башталды.

Жаңырган жылдын эсебиндеги атайы окутуунун алкагында министрликтин аскер кызматкерлеринин өзгөчө кырдаал келип чыкканда, калкты жана аймактарды коргоого багытталган ыкчам иш-аракеттерди туура уюштуруу, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарын билүү деңгээлин, куткаруу ишиндеги билимдерин бекемдөө жана жогорулатуу максатында теориялык, практикалык сабактар өткөрүлөт.

Мындан сырткары түрдүү жана татаал шартта дайым даяр туруп, куткаруу жана башка иштерди аткаруудагы аскер кызматкерлеринин физикалык даярдыгы жана психикалык туруктуулугу бааланат.

Белгилей кетсек, министрликтин атайы планын негизинде аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга багытталган окуу жылына эки ирет, кыш жана жай мезгилинде өткөрүлүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу