Жаңылыктар

20.05.2024 16:59

   Кароолор: 376

КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 6-өзүнчө мобилдештирилген взводунун өздүк курамы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда текшерүү жана окутуу иш-чарасын өткөрдү. “Каз минералс Бозымчак” ЖЧК ишканасында уюштурулган окутууда авариялык кесепеттерди жоюуда объекттеги даярдык текшерилди.

Андан соң кенчи кызматкерлердин кырсыктар учурундагы өз ара аракеттерин жана кесепеттерин жоюу боюнча билим-тажрыйбасы каралды. Ошондой эле, Тез жардам кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжасы бааланды.

Иш-чаранын алкагында куткаруучулардын желдеткич аппараттарынын жарамдуулугу, жардамчы тоо-кен кырсыгынан куткаруу мүчөлөрүнүн күжүрмөн даярдыгы да текшерилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу