Жаңылыктар

22.11.2023 14:59

   Кароолор: 1130

КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫ ТАЛАПКА ЖООП БЕРЕБИ?

Узап бара жаткан жылдын соңу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилип, атайы комиссия тарабынан бааланууда.

Бул ирет ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн, өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери текшерүүгө алынды.

Ага ылайык 2023-жылга түзүлгөн негизги иш-пландардын аткарылышы, аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдык деңгээли, жалпы аскердик уставдардын талаптарынын аткарылышы, ыкчам жана физикалык даярдык текшерилди.

Белгилей кетсек, буга чейин аскер кызматкерлери тийиштүү теориялык билим деңгээлин аныктоо максатында, аралыктан тестирлөөдөн өтүшкөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу