Жаңылыктар

09.12.2024 20:00

   Кароолор: 246

КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖАРДАМЫ

"Биз биргебиз" аталышындагы кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү иш-чарасынын алкагында ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери жалгыз бой энелерге жардам көрсөтүштү.

Анда куткаруучулар өз каражаттарынын эсебинен Ленин районунда жашаган 4 балалуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар энелерге азык-түлүк, көмүр алып барышты.

Белгилей кетсек кайрымдуулук иш-чарасы КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги КР Балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө N 237 токтомуна ылайык, 15-ноябрдан 15-декабрга чейин "Биз биргебиз!" аталышында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү боюнча жарыяланган айлыктын алкагында өтүүдө

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу