Жаңылыктар
26.06.2024 18:38
Кароолор: 405
КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ИШ-ЧАРАСЫ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ
Бүгүн, 26-июнь күнү Бишкектеги "Панфилов" сейил багында ӨКМдин куткаруучулары шаар тургундары катышкан маанилүү маалыматтарга бай майрамдык иш-чарасы кызуу жүрүүдө.
Күнүмдүк жашоодогу түрдүү кырсыктын алдын алууну, коопсуздук эрежелерин иш жүзүндө көрсөтүп, куткаруучуларыбыз күчтүү даярдык менен үйрөтүүдө.
Кызыктуу жана пайдалуу маалыматка бай иш-чара 1-июль – Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Чек арасыз дарыгерлер (MSF) тарабынан уюштурулуп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР