Жаңылыктар

03.12.2024 14:39

   Кароолор: 349

КУТКАРУУЧУЛАРДЫН БООРУКЕРДИК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү. Азык-түлүк жана акчалай жардам куткаруучулардын каражаттарынан чогултулуп алынган.

Бул акция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык өткөрүлдү.

Куткаруучулар өзүнүн гумандуулугу жана коомго болгон камкордугу менен дагы бир жолу үлгү көрсөтүп, колдоого муктаж адамдарга жардам берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу