Жаңылыктар
24.10.2024 11:00
Кароолор: 701
КУТКАРУУЧУЛАРДЫН БООРУКЕРДИК АКЦИЯСЫ: ОШТУН «БООРУКЕРДИК» ҮЙ-ИНТЕРНАТЫНА ЖАРДАМ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жайгашкан карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган «Боорукердик» үй-интернатына жардам көрсөтүлдү. Азык-түлүк түрүндөгү жардам куткаруучулардын каражаттарынан чогултулуп алынган.
Бул акция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык өткөрүлдү.
Куткаруучулар өзүнүн гумандуулугу жана коомго болгон камкордугу менен дагы бир жолу үлгү көрсөтүп, колдоого муктаж адамдарга жардам берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР