Жаңылыктар

08.11.2025 17:15

   Кароолор: 8

КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУНДА ТАРЫХ жана АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда 7-8-ноябрь - Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү өткөрүлдү.

Бул иш-чарада өздүк курамга "Үркүн" деген аталыш менен белгилүү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана 1937-1938-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары тууралуу маалымат берилди.

Тарых барактары чагылдырылган видео материал көрсөтүлүп, ата-бабалардын эрдиги жана тарыхый мурастары тууралуу талкуу болду. Иш-чаранын максаты — куткаруучулардын тарыхый аң-сезимин жогорулатуу жана мекенге болгон сүйүүсүн бекемдөө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу