Жаңылыктар

17.08.2024 14:01

   Кароолор: 253

КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУНДА САЛТАНАТТУУ АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИ ӨТТҮ

16-август күнү Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда Россия Федерациясынын ӨКМдин Москва шаарындагы Жарандык коргонуу академиясына, Москва шаарындагы өрткө-каршы кызматынын академиясына, Санкт-Петербург шаарындагы өрткө-каршы кызматынын университетине, Казакстан Республикасынын Көкшетау шаарындагы Жарандык коргонуу академиясына окууга тандалган 16 талапкердин аскердик ант берүү аземи өттү.

Салтанаттуу иш -чарага талапкерлердин жакын туугандары катышып, 86123 аскер бөлүгүнүн командири подполковник Ы. Жолдошбаев өзүнүн куттуктоосунда курсанттарга окуудагы ийгиликтерди каалап өттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу