Жаңылыктар

02.10.2023 10:01

   Кароолор: 368

Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда “Ачык эшик күнү” өттү

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда Чүй облусунун Москва районундагы 3 жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.

Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун өздүк курамы мектеп окуучуларына аскердик бөлүктүн ишмердүүлүгү, анык мөөнөттөгү жоокерлердин куралсыз урушун жана курал менен ар кандай ыкмаларды көрсөтүштү. Ага катар эле кырсык учурундагы адам өмүрүн сактоого багытталган куткаруу иши практикалык негизде көрсөтүлүп, келечек ээлери куткаруу шаймандарынын түрлөрү менен да тааныша алышты.

Мектеп окуучуларынын коопсуздук эрежелерин сактоого, мекенчилдикке үндөгөн иш-чара 5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулуп, жалпы 100гө жакын окуучу катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу