Жаңылыктар
30.10.2025 17:58
Кароолор: 8
КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУ КЫЗМАТ ӨТӨП БҮТКӨН АСКЕРЛЕРИН РАСМИЙ УЗАТТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда бүгүн, 30-октябрда кызмат өтөп бүткөн аскерлерди расмий узатуу жана жаңы толуктоолорду кабыл алуу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Запаска бошотулган аскерлер бир жыл мурун кабыл алынган. Бул аралыкта алар физикалык, саптык, аскердик даярдыктан өтүп, атайы окутуу программаларына ылайык билим алышкан жоокерлер мөөнөтү аяктаган соң аттестациянын жыйынтыгы менен издөө, куткаруу жаатында сертификатка ээ болушат. Муну менен келечекте куткаруу кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.
Мөөнөтүн аяктаган аскерлердин ичинен күжүрмөн даярдыгын мыкты деңгээлде чыңдаган жетөө жоокер атайын талаптарга ылайык зачеттерду тапшырып, кызматын андан ары улантууга калтыруу үчүн келишим түзүштү.