Жаңылыктар

22.11.2024 12:21

   Кароолор: 1249

КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРДУН ЖАШ ЖООКЕРЛЕРИ АНТ БЕРҮҮДӨ

ӨКМдин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда бүгүн, 22-ноябрда жаш жоокерлердин аскердик ант берүү салтанаты өтүүдө.

ӨК министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун катышуусунда өтүп жаткан аземде 77 аскер ант берип жатат.

Мындан тышкары жоокерлердин ата-энелери да катышып, алардын аскердик жүрүштөрүнө, патриоттук эмоцияларына күбө болушууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу