Жаңылыктар
20.11.2024 11:35
Кароолор: 417
КУТКАРУУЧУЛАР ЖУМГАЛДА ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДАРДЫН БИРИН ИЗДӨӨНҮ УЛАНТУУДА
Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгон жарандардын бирин издөө иши улантылууда.
Бүгүн Көкөмерен дарыясынан издөө иштерин координациялоого Жумгал райондук №43 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрында Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана анын уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандары мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн. 14-ноябрь күнү атасынын сөөгү туугандары тарабынан табылган.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР