Жаңылыктар
11.05.2024 15:11
Кароолор: 179
КУТКАРУУЧУЛАР ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ИШТЕШЕТ
11-майда ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов ӨКМдин аймактык-түзүмдүк башкармалыктарынын жетекчилери менен онлайн байланышка чыкты. Анда Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси өлкө аймагындагы акыркы маалыматтардан кабар берди.
Андан соң жыйында облустардагы акыркы жумадагы аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө, нөшөрлөгөн жамгырдан жана шамалдан кийинки жаралган абалды билип, жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары менен тыгыз иштөөнү тапшырды
Ошондой эле ал жаанчыл мезгилде күтүлүүчү ар кандай кырдаалдын кесепеттерин жоюуга куткаруучуларды жана күч-каражаттарды күжүрмөн даярдыкта туруусун, маалыматтарды жана материалдык чыгымдарды так берүүгө чакырды.
Адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо жана айдоо аянттарын зыянга учуратпоо үчүн өлкөдөгү дарыялардын суу көлөмүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте көзөмөлдөп, кооптуу аралыктарын Жарандык коргонуу кызматтары менен жоюуну тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР