Жаңылыктар
06.12.2024 15:30
Кароолор: 182
КУТКАРУУЧУЛАР ЖАРДАМГА КОЛ СУНАТ
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы тарабынан борбор калаадагы Балдарды реабилитациялоо жана үй бүлөнү колдоо борборуну жардам көрсөтүлдү.
10 куткаруучу борбордун имаратынын короосуна бетон плиталарын төшөп, тегерегин жыйнап жардам көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, ӨКМдин кызматкерлери тарабынан мындай жардамдар 2012-жылдын 10-апрелиндеги КР Өкмөтүнүн Балдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөө боюнча N237 чыгарылган токтомдун негизинде көрсөтүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР