Жаңылыктар
27.05.2025 18:08
Кароолор: 241
КУТКАРУУЧУЛАР ЖАРАКАТ АЛГАН ЖАРАНДЫ "ХИЖИНА РАЦЕКА" ЖАЙЫНАН АЛЫП ТҮШҮШТҮ
Бүгүн, 27-май күнү Чүй облусунда жайгашкан Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында "Хижина Рацека" туристтик жайынын 300 м бийиктигинде 24 жаштагы жаран бутунан жаракат алгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматынан түшкөн.
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Ала-Арча паркындагы нөөмөттө турган куткаруучулар тобу тартылып, жаракат алган жаранды алып түшүп, туугандарына өткөрүп беришти. Абалы жакшы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР