Жаңылыктар
27.05.2025 09:08
Кароолор: 144
КУТКАРУУЧУЛАР ЖАЙЫЛ РАЙОНУНДА ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨНҮ БИР АПТАДАН БЕРИ УЛАНТУУДА
Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясынан изделип жаткан адамды суу бойлой карап, издеп табууну улантуу максатында бүгүн, 27-май күнү саат 07:00дө Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу, 1 дрон тартылды.
Ага кошумча Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, туугандарынан 10, жалпы 28 адам чыкты.
Эске салсак, 2025-жылдын 19-майы күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР