Жаңылыктар

22.05.2025 10:00

   Кароолор: 184

КУТКАРУУЧУЛАР ЖАЙЫЛ РАЙОНУНДА БАЛЫК УУЛООГО ЧЫГЫП, ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН АДАМДЫ ИЗДӨӨДӨ

Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 28 жаштагы эркек адамды издөө иштерин улантууга бүгүн, 22-майда Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.

Эске салсак, 2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

Кечээ, 21-май күнү ИИМдин өтүнүчүнүн негизинде жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 23 адам, жалпы 45 адам тартылып издешти. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан улантууга чыгышты.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу