Жаңылыктар

01.08.2026 13:15

   Кароолор: 213

КУТКАРУУЧУЛАР ЖАБЫРКАГАН АДАМДЫ «КОМСОМОЛЕЦ» ЧОКУСУНАН ЭВАКУАЦИЯЛАШТЫ

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан «Комсомолец» чокусунан түшүп келе жаткан эки КРнын жарандарынын бири бутунан жаракат алып, өз алдынча түшө албай калган.

Жабыркаган жаран 112 кызматына кайрылып, жардам сураган.

Окуя болгон жерге Ала-Арча жаратылыш паркында нөөмөттө турган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Эдельвейс» тоо куткаруу кошуунунан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жабыркаган жаранга жеринде алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, аны коопсуз түрдө тоодон түшүрүп беришти.

ӨКМ жарандарды тоого чыгууда коопсуздук эрежелерин так сактоого, аба ырайын алдын ала эске алууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн туура баалоого чакырат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу