Жаңылыктар
09.07.2026 00:12
Кароолор: 18
КУТКАРУУЧУЛАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ
КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында жаңы футбол аянтчасынын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев катышып, куткаруучулар арасында өткөн футбол мелдешинин жеңүүчүлөрүн акчалай сыйлады.
Министр спорт куткаруучулардын дене даярдыгын жана кызматтык жөндөмүн чыңдоодо маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи.
Мындан тышкары, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу максатында бир катар иштер аткарылууда. Тактап айтканда, имараттар жаңыланып, заманбап көзөмөл камералары орнотулду. Ошондой эле мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, жаңы жабдуулар жана керектүү шаймандар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.