Жаңылыктар

25.01.2024 15:39

   Кароолор: 332

КУТКАРУУЧУЛАР ТЕМИРГЕ КЫПЧЫЛЫП КАЛГАН ЖАРАНГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ

Бишкектин Октябрь районунун Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдаманын жанында суу өтүүчү арыка коюлган темир торго Ш. В. аттуу эркек кишинин буту кирип, кыпчылып калгандыгы тууралуу 112 номерине кабарланган.

Жерине саат 13:18де ӨКМдин Бишкек шардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу барып, ыкчам түрдө атайы шаймандын жардамы менен темирден бутун чыгарышкан.

69 жаштагы жабырлануучуга куткаруучулар ошондой эле биринчи жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу