Жаңылыктар

16.12.2023 10:31

   Кароолор: 811

КУТКАРУУЧУЛАР ТАЗАЛЫК ЖАНА ЖАШЫЛДАНДЫРУУ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ЫСЫК ЧАЙ УЮШТУРДУ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы Бишкектин "Тазалык" жана "Жашылдандыруу" кызматтарынын адистери үчүн чатыр тигип, ысык чай уюштурду.

Маалым болгондой 15-декабрь күнү Бишкектин Малдыбаев жана Донецкий көчөсүндө Ала-Арча суусунун нугу музга толуп калгандыктан суу ашып, көчөлөрдү, мечиттин жана унаа сатуучу жайдын короосун кар аралаш суу каптаган. Кечетен бери жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана тиешелүү кызматтардан техника тартылып, абалды жөнгө салуу жумушу башталган.

16-декабрга карата учурда Ала-Арча суусунун агымы туруктуу. Жеринде Бишкек тазалык ишканасынан 3 техника жана 38 кызматкер, жашылдандыруу кызматынан 1 жүктөгүч тартылып, Малдыбаев көчөсү, Ала-Арча суусунун жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми мечиттин аянтын тазалоо үчүн ӨКМден Хово, Бишкек суу чарбасынан жүктөгүч, экскаватор, Бишкек жашылдандыруудан экскаватор, бир самосвал КаМаЗ жана 12 кызматкер иштеп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу