Жаңылыктар

15.01.2025 09:14

   Кароолор: 921

КУТКАРУУЧУЛАР ТАШ-КӨМҮРЛҮК ЖАРАНДЫ 1 АЙДАН БЕРИ ИЗДӨӨДӨ

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголуп жаткан жергиликтүү тургунду издөөгө бүгүн, 15-январда ӨКМдин алдындагы Куткаруучулардын даярдоочу мамлекеттик борбордон 21 куткаруучу, туугандарынан 3 адам жана 1 дрон тартылып, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А. Закировдун жетекчилигинде жалпы 24 адам чыкты.

Кечээ издеп-куткаруу иштерине 94 адам тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов издөөнү координациялоо максатында жеринде болуп, куткаруучуларга ар бир кокту-колотторду кылдаттык менен кароону жана коопсуздукту сактоо менен иш алып барууну тапшырган. Андан соң дайынсыз жарандардын үйүнө барып, апасы жана жакындарынан кабар алган эле.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылып келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу