Жаңылыктар
13.01.2025 20:31
Кароолор: 212
КУТКАРУУЧУЛАР ТАШ-КӨМҮРДӨГҮ ИЗДӨӨ ИШИН ЭРТЕҢ УЛАНТАТ
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 14-январда кайрадан улантылат.
Бүгүн издөөгө жалпы 73 адам тартылып, натыйжа болгон жок.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР