Жаңылыктар

29.03.2024 11:55

   Кароолор: 155

КУТКАРУУЧУЛАР ТАҢ ЭРТЕ РОССИЯЛЫК ТУРИСТТЕРДИ ТООДОН ТҮШҮРҮШТҮ

Бүгүн Аламүдүн районунун 4 куткаруучусу таңкы саат 5:30да россиялык туристтерди аман-эсен тоодон түшүрүшкөн. Тактап айтканда, билдирүү түшкөн соң куткаруучулар “Ала-Арча” улуттук паркында жайгашкан Адыгене капчыгайына 28-мартта саат 21:55те жол көрсөтө турган 2 ыктыярчы менен биргеликте издөөгө чыгышкан.

Издеп-куткарууга жооптуу офицер, лейтенант Нургазы Орозовдун айтымында, капчыгайда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыктан туристтер тоо боорундагы жалгыз аяк жолду таппай, адашып калышкан.

“Алардын түн ичинде белги бере турган буюмдары да жок экен. Капчыгайды өрдөй издеп, эч кимди тапкан жокпуз. Тоонун экинчи тарабы менен издеп келе жатып, болжол менен түнкү саат 3тө сүйлөшкөн үндөрдү уктук. Көрсө жеңил кийинип чыккан балдары тоңуп, аларды сооротуп жатыптыр”, – дейт Нургазы.

Куткаруучунун айтымында, үшүп калган баласына медициналык алгачкы жардамын көрсөтүп, өздөрүнүн кийими менен жылуулап, тоодон айрым учурда баласын көтөрүп, аман-эсен алып түшүшкөн.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясынын жарандары А.Ж. 49 жашта, Е.Ж. аттуу кызы 2005-жылы төрөлгөн, ал эми уулу Г.Ж. 10 жашта.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу